четверг, 15 мая 2014 г.

"АДАМ БОЛУУ" ДИНИНДЕГИ ОРТОК ПСИХОЛОГИЯЛАР-3

11- «АДАМ БОЛУУ» ДИНИНДЕ ДОС ТАНДОО КРИТЕРИЙЛЕРИ

Ислам дининде дос тандоодо жалгыз критерий – бул адамдын ахлагы. «Адам болуу» дининде болсо дос тандоо критерийи такыр башкача. Ар бир маданияттын өзүнө тиешелүү көптөгөн эрежелери бар. Мисалы, «бой көтөргөн», «модерн» көрүнгүсү келген бир чөйрөдөн бир адам өзүнө дос тандоодо сөзсүз өзүнүн маданиятына туура келген бирөө болушуна көңүл бурат. Ошондуктан эң алгач сырткы көрүнүшүнө карайт. Таза, жарашыктуу, кийимдери үтүктөлгөн, классикалык кийим кийген бирөөнүн ордуна «өзгөчө» кийимдер кийген, мойнуна жоолук байлаган, бутунда калың, чоң спорттук бут кийим болгон, тазалыгына көңүл бурбаган, күмүш тагынган, эчки сакалдуу же кырмызы лак койгон бирөө менен достошууну тандайт. Себеби «адам болуу» дининде көбүнчө мындай көрүнүш чагылдырган белгилүү бир «маданият» бар. Бул - дүйнөгө маани бербеген, ахлактык баалуулуктарга көңүл бурбаган, адамдарды баалабаган, «эч ким мага кийлигише албайт жана эч кимдин алдында жоопкерчиликтүү эмесмин» деп ойлогон жалган (батыл) бир жашоо көз-карашы.
Достук критерийин адамдардын бир гана материалдык абалына карап аныктаган чөйрөлөр да бар. Мындай «адам болуу» дининин чөйрөлөрүндө бир адамдын аны менен сүйлөшүүгө, пикирин алууга, достошууга боло турган адам болуп болбогонун түшүнүү үчүн алгач кийимдеринин бааларына жараша бир бирден баалоо керек. Костюмунун, бут кийиминин, сумкасынын, атырынын, кол саатынын, көйнөгүнүн, ал тургай байпактарынын да маркасы абдан маанилүү. Кийимдеринен кийин, эгер көрүнөө жерде болгон болсо, унаасынын бар же жок экенин билүү, эгер бар болсо анын маркасын билүү маанилүү болот. Булар алгачкы кадам үчүн керектүү талаптар. Экинчи кадамда болсо бул адамдын үй-бүлөсү менен байланыштуу маалымат алуу керек болот. Атасынын кесиби, кайсы жерде билим алганы, апасынын чөйрөсү, барган чачтарачы, эс алууга барган өлкөлөрү, дачаларынын каерде экендиги, шаардын кайсы районунда жашаары сыяктуу өзгөчөлүктөр – узак мөөнөткө достошуп достошпоо үчүн чечим алуу баскычында талап кылынган маалыматтардан. Эгер бир адам бардык мындай өзгөчөлүктөрдөн «жарактуу баа» алган болсо, анда бул адамдын ахлагы, кыял-жоругу, ишеними же дүйнө көз-карашы кандай гана болбосун, эч айырмасы жок, сөзсүз достошууга боло турган адам категориясына кирет.
 Бардык мындай өзгөчөлүктөргө ээ, бирок эч кайсы багытта маданияты, илими жок, эч адамгерчиликсиз, орой, эч кимдин көңүлүнө карабаган же ахлагы абдан начар адамдар бар. Чөйрөлөрүн шылдың кылып, дайыма эң алгач өзүнүн кызыкчылыктарын коргошот. Көңүл алууну, кечирим суроону, катасын мойнуна алууну билишпейт. Кызыкчылыктарына туура келбегенде, эч тартынбастан жалган айтышат, башкалардын көйгөйлөрүнө маани беришпейт. Эч кимдин бейпилдиги, бактылуулугу же ден-соолугу үчүн кандайдыр бир кыйынчылыкка киришпейт, башкалар үчүн өз мал-жанын сарптоону билишпейт. Бирок, ушуга карабастан, мындай адамдардын чөйрөсүндө көп адамдар топтолгонун көрөсүз. Түпкүрүндө ахлагынын бузуктугун билип туруп бүт адамдардын бул адамга жакын болушунун жалгыз себеби – бул «адам болуу» дининдеги туура эмес критерийлер.
Ушул себептен караңгы коомдордо көбүнчө ар түрдүү коомдук топтордон келген, материалдык абалы бири-бирине окшошпогон адамдардан турган бир достор тобун жолуктура албайсыз. Байлар сөзсүз байлар менен, орто абалдагылар орто абалдагы адамдар менен, маданияттуулар маданияттуулар менен, жакырлар болсо өздөрүнө окшош адамдар менен достошушат.
Куран ахлагы боюнча достук жана курдаштыктын жалгыз бир критерийи бар: адамдын чын көңүлдүүлүгү, сонун ахлагы, Аллах сүйүүсү жана коркуусу. Момундар арасында кимдин мал-мүлкүнүн канчалык экендиги, кимдин кайсы окууну бүтүргөнү, кимдин эмне кесипке ээ экендиги, кимдин шаардын кайсы бөлүгүндө жашагандыгынын эч кандай мааниси жок. Себеби момундардын достугу мындай дүнүйөлүк баалуулуктардын эч кандай мааниси болбогон, чыныгы мекен акыретке карата болот. Бир момундун башка момунга болгон сүйүүсүнүн жана боорукердигинин чыныгы булагы болсо – бул Аллахтын ал момундагы көрүнүшү, күчтүү бир Аллах сүйүүсү жана чыныгы бир Аллах коркуусу.


12- ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ОЙЛОО

Куранды жол көрсөтүүчү катары кабыл алган бир адамдын эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын өз мал-жанын башкалар үчүн эч аябашы. Себеби мындай бир адам бүт мал-мүлктүн Аллахка тиешелүү экендигин жана Анын ыраазычылыгына жетүү үчүн ага аманат катары берилгенин, ошондуктан Раббибиз көрсөткөн негизде сооп, жакшылык жолунда каржашы керек экенин билет. Мындай каржоо – Исламдын эң негизги ибадаттарынын бири.
Момундардын ээ болгон мал-мүлктөрүн колдорунан келишинче каржашы, б.а. Аллах Куранда санап көрсөткөн адамдарга «... жакырлар, кедейлер, зекет иши боюнча жооптуулар, көңүлдөрү Исламга бурулушу үмүт кылынгандар, кулдар, карыз болуп калгандар, Аллах жолундагылар жана жолдо калгандарга» (Тообо Сүрөсү, 60) бериши зарыл. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жасала турган мындай ибадат момундар үчүн чоң бир ырахат, кубаныч жана бактылуулук булагы болот. Куранда көптөгөн аяттарда бул ибадаттын маанисине басым жасалат.
Бакара Сүрөсүнүн 177-аятында чыныгы жакшылыктын «мал-мүлккө болгон сүйүүсүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, кедейлерге, жолдо калганга, сурап-тиленгенге жана кулдарга (азаттыкка чыгуу үчүн) бергендердин мамилеси» экендиги; Инсан Сүрөсүнүн 8-аятында момундардын «аны сүйүп (жегиси келип) турганына карабастан, тамакты кедейге, жетимге жана туткундарга жедиришээри» билдирилет. «Жакшы көргөн нерселериңерден кайыр-садака бергенге чейин эч жакшылыкка жете албайсыңар. Эмне кайыр-садака кылсаңар, шексиз Аллах аны билет» (Али Имран Сүрөсү, 92) аяты да бул нерсенин маанисин көрсөтүүдө.
Момундардан турган бир коомдун да эч шексиз эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнүн маанилүү жолдорунан болгон кайыр-садака жана өз мал-жанын аябоону аткаруу болуп саналат. Коомдун мүчөлөрү өзүнүн жеке кызыкчылыктарын эмес, момун коомдун жалпы кызыкчылыктарын ойлонот жана ошого жараша мамиле кылышат. Өз кызыкчылыктары менен башка бир момундун кызыкчылыгы туура келбеген учурда болсо, Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн, өзүнүн эмес, ал момундун кызыкчылыгына ылайык мамиле кылат. Куранда Мединага көчүп келген момундар менен Мединалык момундар арасындагы жогорку ахлак мисалдары төмөнкүдөй сүрөттөлөт:

Алардан мурда ал мекенди (Мединаны) даярдап, ыйманды (көңүлдөрүнө) жайгаштыргандар болсо, хижрат кылгандарды (көчүп келгендерди) сүйүшөт жана аларга берилген нерселерден улам ичтеринде бир муктаждык (сезимин) сезишпейт. Өздөрү муктаж болуп турушса да, (Мусулман бир туугандарын) өз напсилеринен өйдө тутушат. Ким напсисинин «сараң жана өзүмчүл каалоолорунан» сактанган болсо, мына ошолор фелах (кутулуу)га жетишкендер. (Хашр Сүрөсү, 9)

Ал эми «адам болуу» дини толугу менен жеке кызыкчылыктарга таянган бир коом моделин курушат. «Адам болуу» дининде чоңойгон бир адамга жаш кезинен баштап өз кызыкчылыгын ойлогон жана өзүмчүл бир мүнөздүү болушуна түрткү берилет. Үй-бүлөсүнөн, досторунан, коомдун көпчүлүгүнөн көргөн өрнөк адам модели – бул өзүмчүл, ар кандай чөйрөдө өз кызыкчылыгын карап коргогон адам модели. Мындай «тарбия» натыйжасында убакыттын өтүшү менен «кемесин куткарган капитан» болууну үйрөнөт.
«Тыңдык» (эпчилдик) жана «шуулдактык» «адам» болушу керек болгон бир адамда болуучу өзгөчөлүктөрдөн болуп саналат. Ар кандай чөйрөдө жана жумушта өз кызыкчылыгына максимум пайда ала алуу тыңдыктын бир көрсөткүчү катары каралат. Буга ылайык адам ар кандай чөйрөдө өзүнүн жеке кызыкчылыктарын ойлошу керек жана «эң көп пайда» принциби менен аракет кылышы зарыл. Адамдар арасындагы мамилени да эң көп пайда принциби калыптандырат. Жумуш ордунда башчы кызматкерлерден, кызматкерлер башчылардан колдон келишинче көп пайда «чыгарууга» аракет кылышат. Соодада кардар сатуучудан, сатуучу кардардан, достор бири-биринен эң көп пайдаланууга аракет кылышат.
«Адам болуу» дини жашалган коомдордо ашыкча иштетүү кадыресе көрүнүш кабыл алынат жана коомдун жалпы ахлагы абалына келген. Бүт адамдар кызматтык укуктарына ылайык кол алдында иштегендерди мүмкүн болушунча көп иштетүүгө аракет кылат. Коомдо мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонбоо болсо акылсыздык, адамдар айткандай «келесоолук» деп бааланат. «Бул дүйнөгө бир келесиң» философиясына таянган мындай көз-караш адамдарда Аллах коркуусунун жок болушунан келип чыгат. Мындай кызыкчылык жарышы адамды төмөн, пас бир кулк-мүнөздүү кылат.
Ошол эле учурда «адам болуу» динине тиешелүү кээ бир адамдардын да кээде башкалар үчүн өз мал-жанын сарптаганын, жардыларга, муктаж адамдарга жардам бергенин жолуктурууга болот. Бирок бул жерде маанилүү бир нерсе бар: «адам болуу» дининин мындай калп «берешен» адамдары кылган каржоолорун, момундардыкы сыяктуу Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жана чын көңүлдөн эмес, адамдарга көрүнүү үчүн жасашат. Бир аятта мындай адамдардын абалы төмөнкүчө билдирилет:

Эй ыйман келтиргендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенбестен, адамдардын көзүнө (мактануу үчүн) мал-мүлкүн садака кылган сыяктуу миннет (садака берилгендерден алкыш сыяктуу бир нерсе үмүт кылып) жана (аларды) басмырлап садакаларыңарды жараксыз (соопсуз) кылбагыла. Мындайдын абалы үстүндө топурак турган бир таштын абалына окшойт; үстүнө себелеген бир жамгыр жааса эле, аны (ал ташты) жыпжылаңач кылып койот. Алардын тапкандарынан эч нерсеге күчтөрү жетпейт. Аллах каапырлар коомун туура жолго баштабайт. (Бакара Сүрөсү, 264)

Мындай адамдарды жакырларга же жетим балдарга жардам берүү үчүн курулган уюмдарга чоң көлөмдөрдө жардам бергенин көрүүгө болот. Бирок бул жардамдары сөзсүз маалымат каражаттарында жарык көрөт жана жүз миңдеген адамдар бул кишилердин «боорукердигине» күбө болушат. Ансыз деле максаттары ушул. Бул адамдар чынында абдан сараң болушат жана башка адамдарга кичинекей да жардам беришпейт. Кылган мындай көрсөтмө жардамдары аркылуу чындыгында бир соода кылган болушат. Берген акчасына коомдо жакшы бир имидж сатып алышууда. Бул бир тараптан мактаныч, экинчи тараптан болсо пайдалуураак инвестициялар жасашы үчүн бир «капитал» болот. Куранда мындай адамдардын чындыгында сараң экендиги жана кылган кайыр-садакаларынын да эл көзүнө экендиги мындайча кабар берилет:

Алар сараңдык кылышат, адамдарга да сараңдыкты буйрушат (кеңеш кылышат). Аллах берешендиги менен аларга бергенин жашырышат. Биз ал каапырларга басмырлоочу бир азап даярдап койгонбуз. Жана алар мал-мүлктөрүн адамдарга мактануу үчүн садака кылышат, Аллахка жана акырет күнүнө болсо ишенишпейт. Шайтан кимге дос болсо, ал кандай жаман дос. Аллахка жана акырет күнүнө ишенип, Аллах аларга берген ырыскыдан садака кылышса, бул аларга зыян алып келмек беле? Аллах аларды жакшы билет. (Ниса Сүрөсү, 37-39)

Сараңдыктын динден баш тарткандардын мүнөзү экендиги бир аятта мындайча билдирилет:

Эми, ал жүз үйрүгөндү көрдүңбү? Аз гана берди жана калганын колунда таштай бекем тутту. (Нежм Сүрөсү, 33-34)

Калем Сүрөсүндө «адам болуу» дининдеги мындай сараң кыялдуу бакча ээлеринен сөз кылынат. Ал аяттар төмөнкүдөй:

Чындыгында, Биз ал бакча ээлерине балээ бергендей, буларга да балээ бердик. Алар эрте менен (эртелеп жана эч кимге кабар бербестен) аны (бакча мөмөлөрүн) сөзсүз жыйнап алууга ант ичишти. Алар сөзсүз ушундай кылабыз дешкен эле. (Калам Сүрөсү, 17-18)

Анан таң азанда бири-бирин чакырышты: «Эгер түшүмүңөрдү жыйнап ала турган болсоңор, эртерээк туруп-жөнөгүлө.» Ошентип шыбырашып жолго түшүштү: «Акырын, бүгүн ал жерге эч бир кедей кирип, бизге жолукпасын». (Калам Сүрөсү, 21-24)

Аяттарда сүрөттөлгөн бакча ээлери жардыларга көрүнбөстөн жумуштарына барууга аракет кылышууда. Себеби жардыларга жардам бергилери келген жок, бирок бир жардыга жолукканда ага акча берүүгө мажбур болушат. Аларды мындай кылууга «адамдар биз жөнүндө тескери ойлоп калбасын» деген тынчсыздануулары мажбурлоодо. Кыскача айтканда, жасалма, эл көзүнө жана пас бир кыял-жорукка ээ болушат. Бул – «адам болуу» дининин жалпы кыял-жоруктарынын бири.
Момундун адамгерчилиги жана жогорулугу болсо бир гана Аллахтын ыраазычылыгын каалагандыгына жана алардын дүйнөдө бир жакшылык жана сооп жарышы ичинде болушуна таянат. Аллахты ыраазы кылуу үчүн адамдардын мал-мүлккө ээ болуу жолунда кылган «тың аракеттери» эмес, кылган иштеринде Анын ыраазычылыгын канчалык деңгээлде максат кылганы маанилүү. Аллах Кабатында туура болгон тыңдык болсо – бул Исламдын, момундардын кызыкчылыктарын дайым коргоо, момундардын жыргалчылык жана бейпилдигин жогорулатуу, Аллахтын ыраазычылыгынын дайыма эң көбүн максат кылуу, напсисинин жаман каалоолоруна алданбоо, шайтандын жана напсисинин тузак жана азгырыктарына алданбоо, ыйманын жана акылын барган сайын тынымсыз өстүрүү, ахлагын барган сайын сонун кылуу жолунда толук көңүл коюу. Натыйжада Аллахтын ыраазычылыгынын эң көбүн каалаган момундардын өзгөчө, сонун мүнөзү алардын көрүнүшүнө да чагылат. Куранда бул абал мындайча сүрөттөлөт:

Мухаммед – Аллахтын элчиси. Жана анын жанындагылар да каапырларга карата катуу, өз араларында болсо мээримдүү. Алардын рүку кылгандарын, сажда кылгандарын көрөсүң; алар Аллахтан бир фазл (берешендик жана ихсан) жана ыраазычылык каалашат. (Алардын) Белгилери жүздөрүндөгү сажда изи. Алардын Тоороттогу мүнөздөрү ушундай: Инжилдеги мүнөздөрү болсо: бир эгинге окшош; өнүп чыккан, анан кубаттандырган, анан калыңдашкан, анан бутагында түздөлүп бийик өскөн (жана бул) эгин сепкендерге жагат. (Бул мисал) Аны менен каапырларды ачуулантуу үчүн. Аллах араларынан ыйман келтирип, салих (чын ыкластуу) амалдарды кылгандарга бир кечирим жана чоң бир сыйлык убада кылган. (Фетих Сүрөсү, 29)

Адам байлоо психологиясы
«Адам болуу» дининде жашоосун уланта алуу үчүн сыртка карата өзүн чыныгы абалынан башкача көрсөтүү маанилүү жана зарыл болгон сыяктуу эле, башкаларды өзү каалаган абалга киргизүү, аны көзөмөлгө алуу жана башкаруу, өзү каалагандай багыттоо да ошончолук маанилүү. Муну кыскача «адамды байлоо» деп коюшат. Адам байлоонун өзүнүн ыкма жана тактикалары бар жана «адам болуу» дининде алдыга чыгуунун жолдорунун бири да адам байлоо чеберчилигиндеги усталыкка байланыштуу. Адам байлоо «адам болуу» дининде ушунчалык маанилүү болгондуктан, атайын ушул темада акыл үйрөтүү үчүн көптөгөн китептер жазылган.
Албетте адам байлоодо колдонулган эң чоң курал – бул адамдардын «адам болуу» дининин өзгөчөлүктөрүнөн келип чыккан алсыздыктары. Адам канчалык «адам болуу» дининин рухуна ээ болсо, ошончолук байлануу мүмкүнчүлүгү өсөт.
«Адам болуу» дининдеги адамдын бой көтөрмөлүгү, өзүн көрсөтүү жана мактанууга болгон кызыгуусу, макталууну, башкалардын суктануусун жакшы көрүшү, сезимталдыгы, өзүн чыныгы абалынан башкача көрсөтө алуу, жагына алуу аракети сыяктуу алсыздыктары башкалардын аны «чебер» ыкмалар менен каалаган багытта колдонушун жеңилдетет.
«Байлана турган» адамдын бир адам үчүн кызыкчылык ала турган бир мүмкүнчүлүккө ээ болушу аны байлоо үчүн жетиштүү себеп болот. Бул мамлекеттик кызматкерден баштап үй-бүлө куруу үчүн «көзгө урунган» бир күйөө талапкерине чейин ар кандай адам болушу мүмкүн. Ар кандай коомдук тармактарда- жумуш, окуу жай, соода, саясат, коомдук жашоо, үй-бүлөлүк... сыяктуу- байланганда кызыкчылыкка ээ болушуна, социалдык же экономикалык абалынын жогорулашына жардамчы боло ала турган адамдар бар. Ал адамды шарттарга жана абалга жараша туура байлай алса гана болгону!
Байлоонун даражалары байлагандын чеберчилиги, таланты, аракети жана чечкиндүүлүгү менен түз байланышта. Ошол сыяктуу байлана турган адамдын мээси, тыңдыгы, комплекстери, күтүүлөрү жана алсыздыктары болсо анын байланып калышына жана байлануу даражасына таасир эткен факторлордон.


13- КОШОМАТЧЫЛЫК

«Адам болуу» дини ортого койгон төмөн, пас адам мүнөздөрүнүн дагы бирөө - бул кошоматчылык (жандоочулук). Кошоматчылардын эң белгилүү өзгөчөлүктөрү – бул алардын бай болбогонуна карабастан бай сыяктуу жашашы, сатып алуу мүмкүнчүлүгү жетпесе да кымбат кийимдерди кийиши, жакшы үйлөрдө жашашы, үй-бүлөлөрү экономикалык жактан оор абалда болгонуна карабастан бай бир чөйрөдө жашашы. Кошоматчылар мындай мүмкүнчүлүктөргө кээ бир адамдардын «эсебинен» ээ болушат. Өздөрүнө дос кылган ал адамдын акчасы, чөйрөсү, мүмкүнчүлүктөрү, үйү, машинасы жана ал ээ болгон ар түрдүү мүмкүнчүлүктөн пайдалануу менен жашоосун улантышат. Мунун «акысы» үчүн болсо кошоматчылыгын кылган адамдын ар түрдүү кошоматын кылуу, аны мактоо, напсисин ыраазы кылуу, ага болгон ишенимине жетүү сыяктуу кызматтары бар.
Эгер чөйрөңүзгө жакшылап көз чаптырсаңыз, коом ичинде дээрлик ар бир бай же атактуу адамдын жанында бир кошоматчыны көрө аласыз. Негизи экөө тең окшош кийинсе да, бирдей услуп менен сүйлөшсө да, кайсысынын кошоматчы, кайсысынын кошоматчылык кылынган адам экенин ошол замат байкай аласыз. Себеби кошоматчылар көбүнчө басмырланган, шылдыңдалган, кызмат кылган, берки адамды дайыма мактаган, сөздөрүн тастыктаган, каалоолорун аткарган, анын көңүлүнө караган, үстүнөн «айланган» адам болушат. Беркиси болсо макталган, каалоолору аткарылган, сөздөрү тастыкталган жана басмырлаган тарап болот.
Кошоматчынын эң чоң кызматы – бул жанындагынын көңүлүн көтөрүү, күлдүрүү, ага болгон ишенимин сактоо. Өзүн жаман сезгенде анын жакшы, сулуу экенине ишендирүү, көңүлү чөккөндө көңүлүн көтөрүү, тамаша айтканда күлүү, көйгөйлөрүн угуу, ага чечүү жолдорун чыгаруу же эч ким сыйлабаган адамга сый-урмат көрсөтүп аны ыраазы кылуу.
Ушул себептен бул эки адам күнүн толугу менен бирге өткөрүшөт. Бүт жерге чогуу барышат, соода-сатыкты да бирге жасашат, көңүл ачуучу жайларга чогуу барышат, үйдө чогуу жашап, ал тургай түндөлөрү да бирге болушат. Кошоматчылар соода-сатыкта көбүнчө кошоматчылык кылган адамынын кийимдерди кийип көрүшүн күтөт, кийинишине жардамчы болот, сумкасын кармап турат, чөнтөк телефонуна чалгандарга анын атынан жооп берет, айткандарын жеткирет, кийимдеринин кайсысынын жарашканын айтат жана бардык каалоолорун аткарышат. Кийимдерди кийип көргөн адам болсо өзүнө көптөгөн нерселерди алган соң, кошоматчысына да бир канча кийим алып берип, анын кылган кызматынын акысын төлөгөн болот. Көбүнчө тамактанууга, чачтарачка же бир көңүл ачуу борборуна барышканда, бай тарап сөзсүз кошоматчысынын да эсептерин төлөйт.
Кошоматчылардын дагы бир белгилүү өзгөчөлүгү өз үйлөрүндө эмес, көбүнчө кошоматчылыгын кылган адамдардын үйүндө турушат. Ал үйдүн мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланышат, курдашынын гардеробундагы кийимдерин кийишет, ошол үйдө тамактанышат, ал үйдүн кызматчыларын өзүнө да кызмат кылдыртат. Бирок буларды кыла алуу үчүн курдашынын апа-атасын тынымсыз мактайт, көңүлдөрүн алат, абдан элпек мамиле кылат. Чындап эле ата-эне балдарынын көңүлү жана жалгыз калбашы үчүн бул адамды үйдүн бир мүчөсүндөй көрүп башташат жана бул абалга моюн сунушуп аны карап башташат. Мындан тынчсызданышпайт, себеби адамдарды «байлоо» өзгөчөлүгү кошоматчынын эң таланттуу тараптарынын бири. Кошоматчы - өз кызыкчылыгы үчүн ар кандай калыпка кире алган бир адам. Эл оозунда айтылгандай «ар кимге көңүлүнө жараша ширин сүйлөөнү» жана алдамчылыкты жакшы билет. Ким кандай услупту жактырса, ылдам ошол услупту колдонот. Өзүнүн жеке бир кишилиги, мүнөзү жок. Мындай жаман, пас ахлакка ээ адамдар көбүнчө намыссыз жана уятсыз болгондуктан, кызыкчылыктары үчүн ылдам мүнөзүн өзгөртө беришет.


14- «АДАМ БОЛУУ» ДИНИНДЕ КАБАНААК АРАКЕТТЕР

«Адам болуунун» дагы бир шарты – бул урушчаак бир мүнөзгө ээ болуу. Себеби урушта жеңген тарап болуу «адам болуу» дининде абдан маанилүү бир кадыр-барк маселеси катары кабыл алынат. «Адам болуу» дини боюнча, жеңүүчү тарап болуу акылдын, күчтүн же кулк-мүнөздүн жогорулугун көрсөтөт. Жеңилген тарап болуу болсо алсыздыктын көрсөткүчү. Ушул себептен адамдар кандайдыр бир уруш же талаш болсун, өзү туура эмес болсо да сөзсүз жеңүү үчүн колунан келишинче аракет кылат. Уруштун маанилүү болушунун дагы бир себеби – бул уруштун жеке кишилик көрсөткүчү катары кабыл алынышы. Бир адам көңүлүнө жакпаган бир нерсе болгондо, адамдарга каршы чыга алса, «адам болуу» дини боюнча бул анын күчтүү бир кулк-мүнөзгө ээ экенин көрсөтөт. Ошондуктан акыйкат динди жашабаган адамдар арасында уруш-талаштарды көп жолуктурууга болот.
Адамдар көп урушкан жерлердин бири – бул унаа жол. Ошондуктан «адам болуу» дининин миңдеген майда-чүйдөлөрүн жолуктурууга болгон жерлердин бири да – бул жол. Жолдо болгону 10-15 мүнөт унаа айдасаңыз эле жүздөгөн «адам болуу» дининин мамилелерин көрө аласыз.
Мисалы, жолдо адамдар көбүнчө чөйрөлөрүн басынтышат жана адамдарды баалабаганын көрсөтүү үчүн колдорунан келгенин кылышат. Бири-бирине жол беришпейт. Ал тургай эгер артында сигнал берген же чырагын жандырып өчүргөн болсо муну кадыр-барк маселеси катары көрөт жана «басынбоо» үчүн шашып жатса да атайылап акырын кыймылдайт. Чөйрөсүндөгү ар бир айдоочуну сындайт, айланасындагы адамдарга улам улам колдору менен ишараттар кылып унаасынын ичинен кыйкырат. Бир таксиге, маршруткага же кимдир бирөөнүн унаасына түшкөнүңүздө көп көп «эмне кылып жатасың, көрсүңбү, алдыңды кара алдыңды, бул жерден өтүп эмне боюң узарып кетеби, эмне сигнал берип жатасың дүлөй эмесмин, ким берди сага праваны, биз да шашып жатабыз, сен эле шашып жаттың беле» сыяктуу сөздөрдү угасыз жана бул сөздөргө ылайыктуу мимикаларды көрөсүз.
Жолдо эң чоң уруштар жана натыйжада эң күчтүү «адам болуу» дининин реакциялары кырсык учурунда көрүнөт. Бир бурулушта эки унаа сүзүшүп кеткенде көбүнчө эки айдоочунун тең бири-бирин айыптаганын көрөсүз. Жол күзөт инспектору аралашмайынча, көбүнчө күнөөкөр тарап эч күнөөсүн кабыл албайт. Көбүнчө мындай кырсыктарда эки тарап тең ачууланып көрүнүп баштайт. Катуу кыйкырып берки адамды басууга аракет кылат, эгер мында ийгиликке жете албаса ачуудан жиндиге айлангандай көрүнүп баштайт. Муну менен берки адамды коркутам жана күнөөсүн мойнуна алдырам деп ойлойт. Эгер бул да жетиштүү болбосо, жеңгенин далилдөө үчүн кара күчкө салат жана өз оюнда ушундайча абройун коргоого аракет кылат.
Көбүнчө мындай учурларда адамдар чындап өзүн токтото албагандыктан урушуп жатат деп ойлошот. Чындыгында болсо мындай кыймыл-аракеттердин баары «адам болуу» дининин талаптарына ылайык жана эң майда детальдарына чейин пландалып жасалат. Кырсыкка кабылган адамдар унааларынан түшүп жаткандагы үн тонунан баштап мимикаларына жана ал тургай айта турган сөздөрүнө чейин бүт нерсени жатка билишет. Кырсык болоор замат, жаттап алган бул эрежелерди жасап баштайт. Натыйжада дүйнөнүн бүт тарабында орток болгон мындай мимика жана кыймыл-аракеттерди «адам болуу» дининин бир талабы катары орундатышат.


15- ЖИГИТТИК ТҮШҮНҮГҮ

«Адам болуу» дининин эркектери арасында кеңири тараган орток бир кулк-мүнөз бар: «жигиттик».
Эркектерде бойго жеткенден башталган жана көбүнчө орто жаштардын аягына чейин уланган жигиттик маанайы адамдын кыймыл-аракеттерине көп таасир берет. Негизги өзгөчөлүгүн «жигиттик» деп атаган бул адамдардын орток кыймыл-аракет, мамиле калыптары бар.
Өзүнө жараша ар түрдүү принциптери болгон мындай кулк-мүнөздүн бара бара философия жана ахлак системасына айланганы байкалат. Өзүнө жараша тууралары, туура эместери жана эрдиктери болгон бир жигиттик кулк-мүнөзү бар. Бул система боюнча досунун, коңшусунун, жакын кошуналарынын кыздарын кароо чоң бир ахлаксыздык. Бирок тааныбаган бирөөгө жасалганда болсо бул жигиттик болуп саналат. Жакындарынын, кошуналарынын аял жана кыздарына карата эл көзүнө бир коргоо, колдоочу мамиле кылышат. Сөз жүзүндө чынчылдык, тууралык жигиттиктин негизги өзгөчөлүгү катары айтылат, бирок жолун тапса ар кандай алдамчылык кылуу тыңдык, эпчилдик катары кабыл алынат.
Жалпысынан өзүн көрсөтүүгө таянган бул жаман маданиятта урушчаак, жырткыч бир маанай өкүмчүлүк кылат. Стресстүү жана психопат болуп көрүнүү, өйдө-ылдый, күтүлбөгөн кыймыл-аракеттерди жасоо, дайыма уруш чыгарууга даяр болуу канчалык жигит, кызуу кандуу экендигинин бир көрсөткүчү болот. Башкалар тартына турган адам боло алуу үчүн өзүн «жиндидей» көрсөтүү да көп колдонулган ыкмалардын бири.
Маектери көбүнчө матч, мушташ же жыныстык мамилелер жөнүндө болот. Ар кимден уккан, гезит кабарларынан алган чала-чарпы маалыматтары менен саясий, экономикалык же социалдык темаларда сүйлөө да жакшы нерсе болуп саналат.
Эч кимге маани бербөө, ээнбаштык сыяктуу жеке өзгөчөлүктөргө ээ «жигит» коомдук жана идеологиялык каалоолорун болсо «тараптарлык, фанаттык» көз-карашы менен канааттандырат. Фанаттык бир тараптар болуу психологиясы бар. Тараптарлык футболдук команда, достор тобу, бир көчөнүн баласы болуу, кесиптештик сыяктуу нерселердин биринде же баарында болушу мүмкүн. Тараптарлар арасында бири-бирин коргоо жана колдоо жигиттик ахлагынын бир бөлүгү болуп саналат.
Жашы өткөн сайын адам социалдык, экономикалык жана маданий чөйрөдө жеткен баскычына жараша жигиттик кулк-мүнөзүнөн алыстап, жаңы шарттардын талабына ылайык «адам болуу» дининин башка кулк-мүнөзүнө көчөт. Мисалы, социалдык даражада көп алдыга жыла албаган, төмөнкү маданият деңгээлиндеги адамдарда сабатсыздык себеп болгон комплекстин бир натыйжасы катары жигиттик кулк-мүнөзүн толугу менен кабыл алуу байкалат. Жумушу, кесиби, байлыгы, маданияты жана мээси менен коом ичинде мактанып, алдыга чыга албашын түшүнгөн адамдар да көбүнчө жигиттикке жабышууга «мажбур» болушат. Өмүрүнүн аягына чейин ушул кулк-мүнөздө жашап өтөт. Ал жашаган коомдун көпчүлүгү да ушул абалда болгондуктан, жигиттик кулк-мүнөзү көпчүлүк кабыл алган орток кулк-мүнөзгө айланат жана көпчүлүк кабыл алган бир система болуп калат.
Бирок бир нерсени баса айта кетүү керек: жигиттик кулк-мүнөзүнүн өзгөчөлүгү катары көрсөтүлгөн баатырдык, башкаларды коргоо, чынчылдык – албетте сонун өзгөчөлүктөрдөн. Бирок бул жерде айтылган жигиттик кулк-мүнөзүндө бардык мындай өзгөчөлүктөр чындап эмес, көрсөтмө бир канча өрнөгү жасалат жана булар сонун ахлак өзгөчөлүгү катары кабыл алынып, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жасалбайт.


16- ТУУРА ЭМЕС УРМАТ ТҮШҮНҮГҮ

«Адам болуу» дининдеги туура эмес урмат түшүнүгү жөнүндө сөз кылуудан мурда Куранда билдирилген урмат түшүнүгүнө токтолуу керек. Куранда билдирилгендей, бир момун эң алгач Аллахка карата жүрөгүнөн абдан чоң урмат көрсөтөт.
Али Имран Сүрөсүнүн 199-аятында «... Аллахка терең урмат көрсөткөн ыйман келтиргендер» жөнүндө сөз кылынат. Анбия Сүрөсүнүн 90-аятында болсо Пайгамбарлар жөнүндө сөз кылынганда «...чындыгында алар сооптуу (жакшы) иштерде жарышышчу, үмүт жана коркуу менен Бизге дуба кылышаар эле. Бизге терең урмат көрсөтүшөөр эле» деп айтылат. Мүминун Сүрөсүндө да момундар жөнүндө «Раббилерине болгон хашйеттеринен (ичтен коркууларынан) улам урмат менен корккондор» (Мүминун Сүрөсү, 57) деп айтылат. Урмат башка аяттарда да Аллахка карата болгон ичтен бир коркуунун (хашйет) бир бөлүгү катары колдонулган.
Ошондуктан момун ээ болгон урмат сезиминин булагы – бул Аллахка болгон урматы. Башка адамдарга көрсөткөн урматы да ушул чыныгы урматтын бир чагылуусу болот. Момун Аллахка урмат көрсөткөндүктөн, Ага баш ийген, Анын ыраазычылыгына жетүүгө аракет кылган башка адамдарга, т.а. бардык момундарга урмат көрсөтөт. Урматка ылайык болбогондорго, т.а. Аллахка баш көтөргөн, Анын ыраазычылыгына терс аракет кылган, Аллахты тааныбаган каапырларга болсо чын жүрөктөн урмат сезбейт. Бул адамдарга да сый менен жана жакшы сөз менен мамиле кылат, бирок чын жүрөктөн урмат көрсөтүшү мүмкүн эмес.
Ал эми «адам болуу» дининдеги урмат түшүнүгү болсо, албетте Куранда сүрөттөлгөн мындай чыныгы урмат түшүнүгүнөн абдан алыс. Момундардагы урмат, мурдараак да айтылгандай, негизи Аллахка болгон урматтан келип чыккан чын көңүлдөн, жүрөктөн болгон бир сезим. «Адам болуу» дининде болсо үстүртөн, белгилүү калыптарга салынган, толугу менен жасалма жана эки тараптуу кызыкчылыктарга таянган эл көзүнө кыймыл-аракеттер катары байкалат.
«Адам болуу» дини боюнча «урмат» көрсөтүү – бул чөйрөгө жараша сылык мамиле кылуу жана ар кандай чөйрөлөргө жараша эрежелештирилген сөз жана кыймыл-аракет калыптарын жасалма аткаруу. Урмат көрсөтүү адамдын коомдо бир орунга жетишине жардамчы болгон, чөйрөсүнө жана адамына жараша калыбы, мөөнөтү өзгөргөн жана көңүл каалабаса да жасалышы керек болгон бир мамиле катары кабыл алынат.
«Адам болуу» дининин жашоо философиясы эки жүздүүлүккө жана алдамчылыкка таянгандыктан, урмат да мажбурдуу түрдө жана эч каалабастан көрсөтүлөт. Адам урмат көрсөтүшү керек болгон мөөнөткө өзүн кармап чыдайт. Урмат – кулк-мүнөздүн бир бөлүгү эмес. Ошондуктан «адам болуу» дининде адам эң көңүлү тынч болгон чөйрө – бул эч кимге урмат көрсөтүүгө мажбур болбогон жана чыныгы кулк-мүнөзүн каалагандай көрсөтө алган чөйрөлөр. Мындай чөйрөлөрдө адамдын сүйлөө калыбынын бузуктугу, ахлак түшүнүгүнүн бузуктугу, адамдар жөнүндөгү чыныгы пикирлери жана чыныгы мамилеси ортого чыгат.
Урмат түшүнүгү жерге жана чөйрөгө жараша өзгөргөндөй эле, жашка жараша да өзгөрөт. «Адам болуу» дининде бир адамдын өзүнө ишенгенин, эч кимге маани бербегенин, ошондуктан эч кимден коркпогонун, т.а. кулк-мүнөзүнүн абдан өнүккөнүн далилдеши «эркиндик» атына жамынган абдан төмөн жана сый-урматсыз кыймыл-аракеттери аркылуу болот. «Эркин» катары кабылданган чөйрөлөрдүн өзүнө тиешелүү кыймыл-аракет жана сүйлөө калыптары бар. Эч тааныбаган бирөөнүн үйүндө муздаткычты ачуу, досуна барганда анын бөлмөсүн тинтүү, шкафын ачып кийимдерин кийүү, буттарын мүмкүн болушунча өйдө көтөрүп, жамбаштап жаткан сыяктуу отуруу, чын көңүлдөн мамиле кылып жатам дегенди жамынып көп тентектик кылуу, жакын жерден кыйкырып сүйлөө, сөгүнүп сүйлөө, бардык тамашаларына жыныстык мамилелерди кошуу – бул жаман өзгөчөлүктөрдүн эң атактуулары.
Бул жерге чейин байкалгандай, «адам болуу» дини Куран аркылуу адамга берилген ахлактык принциптердин дээрлик баарына тескери бир ахлак моделин өзүнө камтыйт. Бул эч шексиз, Аллахка эсеп берилээри унутулган жана адамдардын көпчүлүгү капылет ичинде дүйнө жашоосунун утурумдук кооздугуна алданган бир коомдо ортого чыгат. Бул коомдун Курандагы аты «жахилия» (караңгы) коому, толугу менен караңгы, сабатсыз, себеби бул коом Аллахтын бар экендигинен жана акыреттен кабарсыз сыяктуу жашашууда.
Бул коомдун адамдары үчүн дүйнө жашоосу жалгыз критерий. Чындыгында болсо дүйнө жашоосу адамга алдануудан башка эч нерсе бербейт:

Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир ойун, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин эккендердин көңүлүнө жагат, кийин куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазычылык бар. Дүйнө жашоосу – алдоочу бир кооздуктан башка нерсе эмес. (Хадид Сүрөсү, 20)

Аллахты унуткан коом кыска мөөнөт ичинде дүйнө жашоосун жалгыз критерий кабыл алган караңгы маданиятты өндүрөт. Бул маданияттын ичинде ата-бабалардан мурас калган батыл (жалган, негизсиз) ишенимдер, кызыкчылыктарга таянган сансыз эрежелер орун алган. «Адам болуу» дини – ушул караңгы маданияттын аты.

Бул коом ичинде төрөлгөн адам болсо бул маданиятты көп жылдык бир тарбия процесси ичинде кабыл алат. Аң-сезимге ээ болуп баштагандан баштап, алгач үй-бүлөсү, кийин жакын чөйрөсү тарабынан «адам болуу» дининин маданияты менен жуурулат. Барган сайын өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн башка адамдарды колдонууну, «кемесин куткарган капитан» болууну, мал-мүлк жана кызмат, даражага болгон күчтүү каалоону үйрөнөт. Караңгы коом адамдары ага «адам» болуу үчүн эмнелерди кылышы керек экенин бир-бирден үйрөтүшөт.

Комментариев нет:

Отправить комментарий