6-
АЧУУСУНА ТИЙҮҮ ТАКТИКАЛАРЫ
Адамдардын ачуусуна тийүүгө аракет кылуу «адам болуу» дининин башка бир
өзгөчөлүгү. Эл арасында көп адамдар ар кандай себептер менен бул ыкманы
колдонот. Кээ бири жактырбаган бир адамды тынчсыздандыруу, кээ бири болсо ага
кылган жамандыгы үчүн өч алуу максатында ачуусуна тийе тургандай мамиле кылат.
Кээ бирөөлөр үчүн болсо башкалардын ачуусуна тийүү бир жашоо калыбына айланып
калган. Адамдардын алсыздыктарын ачыкка чыгаруудан жана ачууланганын кароодон
ырахат алат жана ушундай жол менен напсисин канааттандырат. Апасына, атасына,
мугалимдерине, досторуна жасаган ар бир мамилесинин түпкүрүндө ачууга тийе
турган бир тарабы болот. Бирок «адам болуу» дининин мындай өзгөчөлүгү адамдар
тарабынан апачык ишке ашырылбайт. Ачуулантуунун белгилүү ыкмалары бар. Булардын
кээ бирлери төмөнкүлөр:
«Оор басырыктуу көрүнүү»
Башкаларды ачуулантуудан ырахат алган адамдар бул ыкманы абдан көп
колдонушат. Адамдар абдан маани берген, толкунданган, тынчсызданган темаларда
ашыкча эле оор басырыктуу бир мамиле көрсөтүп башка адамдарды ачуулантат.
Өзгөчө жаштардын ата-апаларына болгон мамилесинде муну көп жолуктурасыз. Мисалы
бир жакка барышына уруксат бербеген апасынан өч алууну каалаган бир жаш кыз
апасынын бардык суроолоруна абдан шашпай жана акырын үн менен жооп берет.
Апасы тынчсызданып жоготкон бир нерсесин издеп жатканда жана кызынан жардам
сураганда, кызы акырын гана «көрбөдүм» деп башын бурат да, гезит окуусун
улантат. Апасы телефондо сүйлөшүп жатып бир нерсени жазып алайын деп кагаз
калем сураса, акырын ордунан туруп, жай басып калем-кагазды алып, шашпай
буларды апасына алып барат. Апасы чын жүрөктөн жана көңүлдүү бир маанайда
мектепте эмнелер кылганын сураганда, бир гана «эч нерсе» деп жооп берет.
Күнүнүн кандай өткөнүн чын көңүлдөн сураганда «жакшы» деп жолун улантат. Себеби
бул мамилелеринин баарынын апасын ачуулантаарын билет.
Шашып жаткан бир адамга анын ишине тоскоол боло турган жана убактысын ала
тургандай негизде шашпай мамиле кылуу да «адам болуу» дининдеги ачуулантуу
ыкмаларынан. Мисалы жумушунан кечиккен бир адам эшиктен чыгып баратып, жогорку
кабаттагы бөлмөдө сумкасын унуткандыгын айтканда, эч шашпаган кадамдар менен
тепкичтерден көтөрүлүп, сумканы алып, уйкусурап акырын алып келүү берки адамды
ачуулантуу үчүн гана жасалган бир аракет. Окуучусуна болгон аракети менен бир
теманы түшүндүрүүгө аракет кылып жаткан бир мугалимди көңүл бурбаган бир
көз-караш менен угуп, аягында болсо жай гана «мен эчтеке түшүнбөдүм» деп айтуу
– мугалимин ачуулантып, напсисин канааттандырууну каалаган караңгы адамдын
мамилеси.
«Оор басырыктуу көрүнүүнүн» дагы бир түрү – бул узатылган суроолорго толук
жооп бербөө. Мисалы «үйдүн бүт тарабын карадым, бирок бут кийимимди таппадым.
Сен көргөн жоксуңбу?» деген суроого бир гана «ооба» деп жооп берүү бир
ачуулантуу тактикасы. Мунун аркасынан «каерден көрдүң» суроосуна бир гана
«бөлмөдө» жообун берүү жана кайсы бөлмө экенин да, анын кайсы жеринде экенин да
айтпоо берки адамдын бир канча суроо узатышын талап кылат. «Кайсы бөлмөдө,
бөлмөнүн кайсы жеринде, кайсы шкафта, шкафтын кайсы койгучунда» сыяктуу
суроолорду сураш керек болот. Натыйжада жалгыз бир сүйлөм менен чечиле турган
тема бир канча мүнөткө узартылып, берки адамды убара кылып ачууга тийе турган
абалга келет. Ушул себептен суралган суроолорго толук жана так жооп бербөө -
«адам болуу» дининин ачуулантуу ыкмаларынын бири.
Укмаксан, көрмөксөн, түшүнмөксөн болуу...
Караңгы коомдордо бул ыкманы көбүнчө урушкан адамдар бири-биринен өч алуу
үчүн колдонушат. Урушкан адамдын ачуусуна тийип тынчсыздандыруу, анын көңүлүн
чөктүрүү үчүн жасашат. Ушундайча бираз болсо да өч алдым деп ойлошот. Мисалы
урушуп кеткен бир адам турган бир көпчүлүк арасында ал адам тарапка карап
сүйлөбөө, ал жерде андай адам жок сыяктуу мамиле кылуу, бүт адамдардын
тамашасына күлүп жатып аныкына күлбөй койуу, баарына салам берип ага салам
бербей койуу, баары менен коштошуп аны менен коштошпоо, баарынын ал-абалын
сурап анын жанынан унчукпай өтүп кетүү «адам болуу» дининин эрежелери боюнча
«сага маани бербейм, билип кой» маанисине келет.
Бул ыкма ачуулантууну жашоо калыбы кылып алган адамдар тарабынан да абдан
көп колдонулат. Ага сүйлөгөн бир адамдын сөздөрүн абдан жакшы угуп туруп
укмаксан болуу, «кечир, сен акыркы жолу эмне дедиң эле», «бир нерсе дедиңби»
сыяктуу суроолор менен ал адамга көп маани бербегенин көрсөтүү бул адамдар жасаган
бир «адам болуу» дининин мамилеси. Түшүнүп туруп бир теманы кайра кайра
айттыруу да ачуулантуунун бир ыкмасы. Мисалы ага «бираз жай кыймылдап жатасың,
батыраак кыймылдасаң ийгиликке жетесиң» деген бир адамдын эмне айткысы келгенин
абдан жакшы түшүнүп туруп «кандайча жай» сыяктуу суроо узатуу берки адамга
кыйынчылык жаратуу жана аны бул айткан сөзү үчүн бушайман кылуу үчүн жасалат.
Апасынан тыканыраак болушу эскертилген бир жаш кыз жооп катары «кантип мындан
да тыканыраак болоюн» сыяктуу сөздөр менен жооп бериши да бул сынга каршы иштеп
чыгылган бир ачуулантуу тактикасы. Чынында болсо ар бир адам батыраак
кыймылдоонун же тыкан болуунун эмне экенин жаш бала кезинде үйрөнөт жана
буларды аткаруу абдан оңой.
«Сөз тийиштирүү»
Ачуулантуунун башка бир ыкмасы «сөз тийиштирүү» деп билинген бир мамиле
бузуктугу. Мисалы тааныган бирөө аркылуу фирмага кирген жана жогорку кызмат
ордуна көтөрүлгөн бир кызматкер катышкан бир чогулуш учурунда «биздин колдоочуларыбыз
да күчтүү болсо, биз да кыска жолдон көтөрүлсөк кана» деп айтуу буга бир мисал.
Же каалабастан болгон бир ката себебинен зыянга себепчи болгон бир адамдын
жанында «кээ бир адамдардын катасынын зыянын биз тартып жатабыз, көрүп
турганыңыздай» сыяктуу сөздөрдү айтуунун максаты да «сөз тийиштирүү». Бул жерде
атын атабоо, атайылап «кээ бир адамдар» деп айтуу «адам болуу» дининин жаман,
пас эрежелеринен.
Досунун сынактарда дайыма андан жакшыраак баа алышын кызганган бир окуучу
бул досунун жанында «эрте мененкиге чейин окуп, байкатпаган канчалаган адамдар
бар» деп айтышы сөз тийиштирип аны ачуулантуу үчүн жасалат.
Көз-караш менен ачуулантуу
Адамдар көбүнчө сөз менен түшүндүрө албаган нерселерин көз-караштары
аркылуу түшүндүрүү жолун тандашат. Себеби көз-караш менен жасалган бир ишаратты
эч качан далилдөөгө далил жок жана адамдар көз-караштарындагы маанини оңой гана
жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Мисалы маңдайындагы адамды өч алууну көксөгөн бир
көз менен караган бир адам «ошол учурда толкундандым, көз-карашым ошол үчүн
өзгөргөн болушу мүмкүн, өч менен эч байланышы жок» десе муну бүт адамдар кабыл
алышы керек болот. Же көз-карашында шылдыңчылдык болгон бир адам «жоок, мен
сени чындап угуп жатам, кокус эсиме бир нерсе түшүп кетти да, ошондон балким
күлгөн сыяктуу көрүнүп кеткендирмин» десе буга эч ким каршы чыга албайт. Себеби
көз-караштагы шылдыңчылдыктын ачык бир далили жок. Бирок адам көз-карашы
аркылуу башкаларга ар түрдүү оң же терс пикирин билдире алат. Ушул себептен
караңгы коомдордо ачуулантуу ыкмасы катары бир гана көз-караштарын колдонгон
көп адамдар бар.
Мисалы адамдар көбүнчө урушуп кеткен бир адам менен сүйлөшүүгө мажбур
болгондо, анын көздөрүнө эч маани бербегендей, муздак карашат. Бул көз-караш –
ал адамга маани бербегенин көрсөткөн жана натыйжада аны ачууланткан бир
көз-караш. Көңүлүнө жакпаган жана абройун төмөндөткөн бир нерсе айтылганда,
көзүн жарым жумуп, жай ачып жаап жана ошол эле учурда маани бербегендей карап,
угуу да «адам болуу» дининин бир бөлүгү.
Берки адамга маани бербегенин байкатып ачуулантуу үчүн болсо көздөрүнө
шылдыңчыл карашат. Бул ыкма жүзү күлбөй турганда, көздөрдүн күлүшү аркылуу
болот. Маңдайындагы адамдын олуттуу бир сөзүн олуттуу бир жүз менен, бирок
көздөрүндө күлүмсүрөө менен караган бир адам мындай мамилеси менен «айта бер,
бирок айткандарың бир кулагымдан кирип, экинчи кулагымдан чыгып жатат» деген
сөздү башкача билдирген болот.
7- ЖАҢЫ ПИКИРЛЕРГЕ ЖАНА СЫН-ПИКИРГЕ ЖАБЫК БОЛУУ
«Адам болуу» динин жашаган бир адам кулк-мүнөзү жана ахлагы жагынан өмүр
бою эч кандай алдыга жылбайт. Себеби «адам болуу» дини сын-пикирге жана жаңы
пикирлерге толук бир тыюу койгон. Бир адамдын өзүнөн чоң, бай, маданияттуу,
жогорку кызматтагы, сулуу жана тажрыйбалуу бир адамга сын-пикир айтышы же ага
жаңы пикирлерди сунушташы дээрлик эч мүмкүн эмес. Ал тургай «адам болуу»
дининде ушунчалык катуу эрежелер бар болгондуктан, 20-30 жылдык достуктар
жалгыз бир сын-пикир себебинен бир заматта толук үзүлүп калышы мүмкүн.
Мисалы, «адам болуу» дини боюнча бир адамдын кыймыл-аракети, ахлагы, кыял-жоругу
же мимикалары менен байланыштуу башка адамдын пикирин алышы жана андан кеңеш
сурашы абдан уят нерсе. Ушул себептен көбүнчө караңгы коомдордо адамдардын өзү
менен байланыштуу темаларда башка адамдын пикирин алганын жана андан кеңеш
сураганын жолуктура албайсыз. Мисалы, «менин кыял-жоругумда сага жакпаган бир
нерсе барбы? Күлүшүмдө, мимикамда же басышымда кандайдыр бир кемчилик барбы?
Мага кулк-мүнөзүм менен байланыштуу бере турган кеңешиң барбы? Кандай адам
болсом силерге көбүрөөк жагат? Тандаган кийимдеримди кандай дейсиң, бул жөнүндө
кеңешиң барбы?...» сыяктуу суроолорду угуу дээрлик эч мүмкүн эмес. Себеби бир
адамдын өзүн өнүктүрүү үчүн чөйрөсүнөн пикир алышы «адам болуу» дининин
аң-сезимине толук карама-каршы. Бүт адамдар өзүн «эң жакшы, эң маданияттуу, эң
көптү билген, эң акылдуу» деп элестетишет. Кемчиликтери жана өзүн өнүктүрүшү
керек болгон тараптары бар экенин билсе да муну чөйрөсүнө байкаткысы келбейт.
«Адам болуу» дини пикир суроого жабык болгондой эле, сын-пикирге да толугу
менен жабык. Мисалы өз чөйрөсүндө адис бир доктор же бир инженерди элестетели.
Ага келген бир адам эгер башка бир адистин пикиринин аныкынан башкача экенин
айтса, сөзсүз «анда бар ошого көрүн же анда бар үйүңдү ошого оңдот» сыяктуу
жоопторду беришет. Өз чөйрөсүндө адис болгон адамдар көбүнчө кесиптештеринин
пикирлерин уккулары келбейт жана сөзсүз өзүнүн айтканынын аткарылышын каалашат.
Бул ишеним боюнча бир адамдын өзүнөн кичине бирөөдөн, мисалы жээнинен
сын-пикир алышы эч мүмкүн эмес. Дээрлик эч бир өспүрүм таякесине же тайежесине кыял-жоругу
менен байланыштуу бир кеңеш айта албайт. Бир тууганынын сабырдуураак,
чыдамкайыраак же жумшагыраак болушун каалаган бир өспүрүм муну ага айтканда,
чоң бир ыктымалдуулук менен, же шылдыңчыл, же маани бербеген же болбосо
ачууланган бир мамилеге кабылат. «Бул жашымда сенден кеңеш алмак белем» деген
көз-караш менен жашаган адамдар өздөрүнөн кичүүлөрдүн акылына муктаж эмесмин
дешет. Чындыгында болсо сонун ахлактуу, ыймандуу бир жаш өспүрүм ыймансыз,
бирок улгайган бир адамдан эсе эсе акылдуу, абийирдүү жана руханий жактан
жетилген болушу мүмкүн.
Куранда билдирилген Аз. Ибрахимдин атасын туура жолго чакыруу үчүн
айткандары бул темага бир мисал боло алат:
Китепте Ибрахимди да эсте. Чындыгында ал – чындыкты
сүйлөгөн бир Пайгамбар эле. Атасына айткан эле: «Атаке, укпаган, көрбөгөн жана
сени кандайдыр бир нерседен көз-карандысыз кылбаган нерселерге эмне үчүн
сыйынып жатасың?» «Атаке, чындыгында мага сага келбеген бир илим келди. Эми
мени ээрчигин, сени туура бир жолго жеткирейин.»
«Атаке, шайтанга кулчулук кылба, шексиз шайтан Рахман
(болгон Аллах)ка баш көтөргөн.» «Атаке, чындыгында мен сага Рахман тарабынан
бир азаптын келишинен корком, анда (сен) шайтандын досу болосуң.» (Атасы)
Айткан эле: «Ибрахим, сен менин кудайларымдан жүз үйрүп жатасыңбы? Эгер (мындай
мамилеңди) токтотпосоң, ант болсун, сени ташбараң кыламын; узун бир убакытка
менден алыста, (бир жерлерге) кет.» (Ибрахим:) «Сага салам болсун, сен үчүн
Раббимден кечиришин тиленем, себеби Ал мага абдан берешен» деди. (Мерйем
Сүрөсү, 41-47)
«Адам болуу» дининде кызматтык даража жана маданият да сын-пикир алууга
тоскоол болот. Бир жумушчу өзү иштеген заводдун мүдүрүнө эч кеңеш айта албайт.
Иш менен байланыштуу болсун, ал адамдын кулк-мүнөзү менен байланыштуу болсун,
же башка темада болсун. Мисалы, чөйрөсүндөгүлөргө карата таш боор жана
диктатордук мамиле кылган бир мүдүр эгер жумушчуларынын биринен бул жөнүндө бир
кеңеш алган болсо, чоң бир ыктымалдуулук менен, анын эң биринчи иши бул
жумушчуну кызматтан чыгаруу болот. Себеби «адам болуу» дини боюнча бул чоң бир
шылдың болуп саналат.
Чындыгында болсо бул абдан туура эмес бир көз-караш жана Куран ахлагы менен
эч байланышы жок. Мындай сын-пикир келиши ар бир адам үчүн абдан чоң бир жакшылык
жана жакын достуктун бир көрсөткүчү. Куранда адамдарга бири-бирин жакшылыкка
чакыруулары жана жамандыктан тосуулары буйрук кылынган. Аллахтын бул буйругун
аткарган бир адамга тоскоол болуу, өзүнө сунушталган бир жакшылыктан жүз буруу,
албетте абдан жаман бир мамиле.
8- КОНОКТОРГО КӨЗ-КАРАШ
Бир адамдын руханий баалуулуктарын жоготушу менен бирге бул боштуктун ордун
динсиздик системасына таянып курулган «адам болуу» дини толтурат. Ислам ахлагы
болбогон бир жерде сөзсүз «адам болуу» дини бар. «Адам болуу» дини болгон жерде
болсо адамгерчилик, башкалардын көңүлүн байкоо, эч нерсесин аябоо сыяктуу сонун
ахлакка ылайыктуу мамилелер жок.
Бул абалды «адам болуу» дининин адамдарынын конокко болгон көз-карашын
мисал кылып түшүндүрүүгө болот. Бирок «адам болуу» дининин көз-карашынан мурун
Ислам ахлагы конок жөнүндө сунуштаган сонун өзгөчөлүктөрдү айтып берүү пайдалуу
болот.
Куран ахлагын жашаган бир адамдын үйүнө конок болуп бардыңыз дейли. Сизди
үйүндө тоскон адам келгениңизге абдан кубанат. Себеби Ислам ахлагында конок
тосуу сонун нерсе жана конок абдан жогору коюлат. Ушул себептен үйгө
киргениңизден баштап сиз менен жаңы таанышкан адамдар болушса да жылмайган жүз
менен, жакын жана ысык кабыл алынасыз. Сизди коноктогон адамдын мүмкүнчүлүктөрү
чектүү болсо да колундагы болгон нерсесин сизге сунат. Себеби Куранда Аллах
конокко ал али каалай электе муктаж нерселеринин сунулушун бир конок күтүү
адеби катары үйрөтөт. Куранда билдирилген Аз. Ибрахимдин конокторго болгон
мамилеси Ислам ахлагында конокко кандай көз-карашта болуу керек экенин
көрсөтүүдө. Аяттарда мындай буйурулат:
«Сага Ибрахим тоскон конокторунун кабары келдиби? Анын
жанына киришкенде: «Салам» дешкен эле. Ал да: «Салам» деген эле. «(Мен
тааныбаган) Жат бир топ.» Ылдам (аларга) сездирбестен үй-бүлөсүнө барып, көп
өтпөстөн семиз бир торпок менен (кайра) келди. Анан аларга жакындатып (тамак
сунду); «Алыңыздар (жеңиздер)» деди. (Зарият Сүрөсү, 24-27)
Аяттарда байкалгандай, Аз. Ибрахим тааныбаса да конокторуна абдан назик
мамиле жасаган жана аларга сездирбестен, аларды уялтпастан аларга даам узаткан.
Бирок «адам болуу» дининдеги адамдардын мамилеси мындай абалда абдан
өзүмчүл жана адамгерчиликсиз болот. Эгер «адам болуу» дининин таасири астында
болгон бир адамдын үйүнө конокко барсаңыз, ал жерде «жүк болуу» сезимин эң көп
сезесиз. Себеби караңгылык ахлагында конок ашыкча бир «тамак жегич» катары
кабылданат. Эки тараптуу кызыкчылык алып-берүүсү болгон адамдар араларындагы
мамилеси бузулбашы үчүн мажбур бири-бирине кезек менен белгилүү убактарда барып
турушат. «Адам болуу» дининин эрежелери боюнча бир адам башка адамдын үйүнө
барганда, кезек сөзсүз ал адамга келет. Эки-үч жолу катары менен бир тарап
экинчи тарапка конок болбойт.
Бул көз-караштын натыйжасында коноктун эртерээк үйүнө кайтышы күтүлөт. Бир
канча сааттан ашык ал адамга чыдалдайт. Эгер тамакка чакырылбаган болсо алдына
эч качан тамак коюлбайт. Мүмкүн болушунча эң аз чыгым менен конокту үйүнө
узатуу көз-карашы менен каралгандыктан, эң арзан негизде тыштан сатып алынган
бир канча нерсе дасторконго коюлат. Үйдөгүлөр көбүнчө тамактардын жакшыларын
өздөрүнө калтырып, жамандарын сунуу жана ушундайча пайда алуу аракетин кылышат.
Коноктун бир чыныдан ашыкча жеши абдан терс кабыл алынат жана эгер бираз
көбүрөөк тамак кааласа, үй ээлери артынан «абдан көп жеди, эртерээк кетсе,
жакшы болот эле» сыяктуу сөздөр менен коноктун канчалык «тарбиясыз» экенин сөз
кылышат. Коноктун үйдү кыдырышы да эч жактырылбайт, канчалык көпкө турса да
отурган бөлмөнүн чегинен чыгылышы кааланбайт. Бөлмөдөн чыкканда үйдө бир
тынчсыздануу болгону ага сездирилет.
Эгер конок алыс бир жерден келген болсо жана бир канча күн калышы керек
болсо, анда үй ээлеринин чыдамы абдан кетет. Бир мөөнөттөн кийин коноктун жеген
ар бир тамагы, кылган ар бир кыймылы, кийген ар бир кийими тынчсыздандырып
баштайт. Идишиндеги жеген зайтун данектеринен ичкен чайынын санына чейин, канча
чыны тамак ичкенинен канча жолу жуунганына чейин жана канчалык суу колдонгонуна
чейин баарын эсептеп чыгышат. Ар бир кыймылында коноктун үйдө ашыкча экенин ага
сездиришет. Ушул себептен мындай үйдө бейпил жашоо эч мүмкүн эмес.
Бирок албетте бул абалдын башка тарабы да бар. Үйдө конок катары жүргөн
адам да «адам болуу» дининин эрежелерине ылайык мамиле кылат. Ал да конок
болгон үйдө максимум пайда алууга аракет кылып, чөйрөсүндөгүлөрдү
тынчсыздандырганын ойлонбойт. Ал да бир тараптан «ойлонбостук» кылат.
Натыйжада «адам болуу» дининде адамдар ар кайсы учурда өздөрүнө да,
чөйрөсүндөгүлөргө да кыйноо берген бир чөйрө түзүшөт. Мунун себеби болсо алар
ээ болгон Курандан узак, жаман ахлак. Ислам дини бир адамда пайда кылган
жакындык менен «адам болуу» дининин караңгы ахлагы арасындагы карама-каршылык,
бул мисалдагы сыяктуу, күнүмдүк жашоонун бүт чөйрөлөрүндө апачык байкалат.
«Адам болуу» дини пайда кылган адамгерчиликсиз, ойлонбос, өзүмчүл мамилелерден
улам көп адамдар бейпил жашай алышпайт, ичтери сыгылат, жакын, ишенимдүү жана
абдан жакшы көргөн бир дос таба албайт. Бирок ушуга карабастан «адам болуу»
дини дүйнөдө миллиондогон адамдар тарабынан абдан бир өжөрлүк менен улантылат.
Жана ушундайча адамдар өздөрүн өздөрү азапка салышкан болушат. Бул абал Куранда
адамдарга мындайча баяндалат:
Шексиз, Аллах адамдарга эч нерсе менен зулумдук кылбайт.
Бирок адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышууда. (Йунус Сүрөсү, 44)
9- «АДАМ БОЛУУ» ДИНИНДЕ УЛГАЙУУ ПСИХОЛОГИЯСЫ
«Адам болуу» дининин ар бир жаш категориясы үчүн аныктаган бир мамиле
калыптары бар. Мунун жазылуу бир тексти жана түшүндүрмөсү жок. Бирок адамдар
дүйнөнүн кайсы жеринде жашабасын муну билишет жана ишке ашырышат. Мисалы, 50 же
60 жаштарга келип калганда жашоо калыптарын, сөздөрүн, кийимдерин, үн тондорун,
услуптарын «адам болуу» дининин калыптарына ылайык өзгөртүшү керек экенине
ишенишет.
Бул өзгөрүүнүн негизги принциби дүйнө жакшылыктарынан кол тартуу, арыздануу
жана көңүлсүздүккө таянат. Мындай жашка келген адамдар көбүнчө жашоодон
арызданып башташат. «Кандайсың?» деген суроого бул жашта берилчү жооп көбүнчө
«эптеп жүрөбүз, билгениңдей» же «эмне кылалы, оорулар менен алпурушуп жүрөбүз»
сыяктуу терс жооптор. Себеби жашоодон ырахат алууга укугум жок жана бул жаштан
кийин бардык жакшылыктардан алысташым керек деген жалган бир ишенимдери бар. Өзгөчө
аялдарда менопауза жана эркектерде андропауза доорлору – «адам болуу» дини
боюнча кыймыл-аракет толугу менен өзгөрүшү керек болгон бир доор. Бул баскычка
кирген көп адамдар сулуулуктардан толугу менен баш тартат. Денесин карабай
коюшат. Көрүнүшүнө да, тазалыгына да маани бербей калат. Күңүрт кийимдер кийип
башташат, көбүнчө кара, кара-боз сыяктуу түстөрдү тандашат. Бул бир «улгайуу
азасы» сыяктуу.
Жандуу, көзгө жагымдуу түстөр, мисалы кызыл, сары, жашыл, ачык кызыл
сыяктуу өңдөгү кийимдер керек эмес деп ойлошот. Чындыгында болсо бул толугу
менен акылга сыйбас бир эреже. Адамдар Аллах жараткан өңдөрдү ар кандай жашта
колдоно алат жана бул немат-жакшылыкты канча жашта болсо да пайдалана алат. Бул
жаштарда кээ бир адамдардын мамилелери жана услуптары да толугу менен өзгөрөт.
Денесинде алсыздык болбогонуна карабастан көп адамдар мындай жашка келгенде
жай, акырын кыймылдаган, алсыз бир адам болуу керек деп ишенишет. Ушул себептен
жооптору жайлап калат, чындыгында абдан ылдам сүйлөй алганына карабастан,
атайылап шашпай, акырын сүйлөп баштайт. Кыскача, бат эле айтып бере турган бир
нерсени шашпай кыймылдап көпкө баяндайт. Муну улгайгандыктын бир талабы деп
ойлойт.
Жаш кезинде абдан ачык көңүл, жайдары болгон бир адам улгайганда бир
заматта кубанычын, үмүтүн, кыймылдуулугун, жандуулугун өз эрки менен жок кылат.
Мисалы, кооз бир пейзаж, сулуу бир адам, сонун бир ыр же ага кылынган сонун бир
мамиледен кубанбайт жана толкунданбайт. Тескерисинче мындай көз ирмемдерде
кубануунун ордуна кайгырат.
«Адам болуу» дини алып келген жалган эрежелер боюнча адамдар бул жаштардан
кийин өлүмдү күтүп башташы керек. Ушул себептен 60 жаштарга келген дээрлик бүт
адамдардын жашоосун өлүмдү күтүү менен өткөргөнүн көрөсүз. Бул жаштан кийин
кыла турган эч нерсе калбады деген ишеним өкүмчүлүк кылгандыктан өндүрүш толугу
менен токтойт. Албетте мындай жаштар - өлүм адамга абдан жакындаган жана бул
чындык унутулбашы керек болгон бир доор. Бирок «адам болуу» динин жашагандар
бул жерде да жаңылууга кабылышып, ахлактарын оңдоп, Аллахтан абдан коркуп жана
Аны абдан сүйүү менен өлүмгө даярдык көрүшпөйт. Тескерисинче, алардыкы – одоно
бир акылсыздык менен акыретти да унутуп, бүт нерседен өзүн тартып «убакыт
өлтүрүү» деп айтылган, бир гана өлүмдү күтүп өткөрүлгөн бош бир жашоо.
Жаш кезинде пикир, сунуштар чыгарган бир адам бул талантын колдонбой калат,
абдан мээлүү жана таланттуу болгон бир адам жашы өтүп калган үчүн гана эч нерсе
түшүнбөгөн, угушу начарлаган, ой жүгүртүшү кыйындаган, эч нерсе колунан
келбеген бир адам сыяктуу көрүнүп баштайт. Көп адамдар акыркы жыйырма жылын терезенин
түбүндө отуруп сыртты кароо менен же эртеден кечке телевизордогу сериалдарды
көрүү менен, дүйнөгө тиешелүү кооздуктардын баарынан кол үзүү менен өткөрөт.
Мунун зыяндарынын бири болсо – бул өзүн ойлонбоого, кыймылдабоого жана
мүмкүнчүлүктөрүн колдонбоого көндүргөн бул адамдардын мээсинин иштешинин бара
бара жайлашы жана эрте акылдан азууга алып келиши. Албетте мындай бир ахлакты
жана жашоо калыбын тандаган бир адамдын акыреттеги жоготуусу бир топ жогору
болот.
Бүт адамдардын денесинин мүмкүнчүлүгүнө жараша, чындап бир оорусу
болмоюнча, денесин да, мээсин да иштетиши жана дүйнөдө акырет үчүн жакшылык,
соопторду кылууну улантышы туура болот. Аллах бир аятында «Андай болсо,
бошогонуңда, эч (бош) отурбастан (дуба жана ибадат менен) чарчоону улант»
(Инширах Сүрөсү, 7) деп буйрук кылууда. Эч шексиз, Аллахтын буйругу ар кайсы
курактагы адамдардын баарына тиешелүү.
10- «АДАМ БОЛУУ» ДИНИНДЕ АДАМДАРДЫ БӨЛҮҮ
«Адам болуу» дининин эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул адамдарга баа
берүү жолу. Бул шайтандык динде адамдар түпкүрүндө бай жана кедей деп экиге
бөлүнөт. Эки топко өз-өзүнчө бир көз-караш бар жана натыйжада башка-башка
мамиле кылынат. Бай жана кедей адамдарга кылынган мамиленин ар түрдүүлүгү
бардык мимикаларга, үн тонуна жана ал тургай кароо калыбына чейин дүйнөнүн
дээрлик бүт тарабында окшош. Бир америкалык да бул жалган диндин талабына
ылайык мындай кыймыл-аракетти жасайт, бир орус да, бир француз да...
Кыскача мындай мамиле айырмачылыктарын төмөнкүдөй топтосок болот:
1- Өздөрүнөн байыраак жана атактуураак адамдарга карата көбүнчө караңгы
адамдар жумшак жана акырын бир үн тонун колдонушат жана мүмкүн болушунча назик
сүйлөшөт. Кедей бир адамга карата үн тону табигый болот, адамдын чыныгы үнү
кандай болсо ошонусу ортого чыгат. Сөздөрү катуулашат, назик болуу муктаждыгы
жоголот. Айтыла турган нерсе абдан кыска жана так айтылат. Бир жумуш ордунда
мүдүргө карата колдонулган үн тону жана услуп менен ал жерде иштеген чай
ташыгандарга колдонулган услуп арасындагы айырма буга бир так мисал боло алат.
Мүдүрдөн бир кызыкчылык күткөндүктөн кызматкерлер ага баа беришкенин сездирүү
максатында мүмкүн болушунча назик, жөнөкөй жана урмат көрсөткөн бир үн тонун
жана услуп колдонушат. Бирок чай ташыган кызматкерден бир кызыкчылык күтүшпөйт
жана ушул себептен ага сүйлөгөндө ага баа бербеген бир услупту тандашат.
2- Бай бир адам келгенде кыймыл-аракеттер шашкалактуу жана тыкан болот. Бүт
нерсенин ал каалагандай болушу, бүт каалоолорунун аткарылышы, ага жакпаган бир
абал пайда болбошу үчүн бүт баары шашкалактап калышат. Кедей бир адам келгенде
болсо көбүнчө эч ким ага маани бербейт. Абдан шашпай, акырын кыймылдашат. Бай
адам эшиктен киргенде ордунан турушат, үстү-башын оңдошот, өзүн оңдоп отурушат.
Кедей адамга болсо ордунан турушпайт, ал тургай аны карашпайт да, оңдонуп отурушпайт.
3- Байга көбүнчө «сиз» деп кайрылышат. Кедей бир адамга болсо түз эле «сен»
деп кайрылышат. Мисалы, бир дүкөнчү дүкөнгө келген бай бир кардарды сөзсүз
«эмне каалайсыз» сыяктуу урмат көрсөткөн бир сүйлөм менен тосуп алат. Бирок
эгер эшиктен кирген бир кардардын кедей экенин байкаса «эмне аласың» же «эмнени
карап аттың эле» сыяктуу басынткан бир сөз айтат.
4- Байга карата абдан тыкан бир урмат көрсөтүлөт. Бай адамдын жашы кичүү
болсо да ага карата улууга көрсөтүлгөндөй урмат көрсөтүлөт. Ал тургай жашы кичүү
адамдардын да колунан өбүлөт жана ордунан туруп орун берилет. Жакыр адамга
болсо жашы улуу болсо да жаш балага мамиле кылынгандай мамиле кылынат. «Эмне
кылып жатасың», «эмне кааладың эле, айт көрөлү» сыяктуу жаш балдарга
колдонулган сөздөр колдонулат.
«Адам болуу» дининин адамдарды бөлүшүн жана бул көз-караштын адамдардын
мамилелерине кандайча чагылганын кандайдыр бир дүкөнгө киргенде эле апачык
көрүүгө болот. Бир кийим дүкөнчөсүнө бай жана атактуу бир кардар кирди дейли.
Мындай кардар кирээр замат бүт дүкөн кызматкерлеринин көңүлү ал адамда болот.
Жылмайыңкы жүз менен ылдам салам беришип, эмне каалаганын сурашат. Көргүсү
келген кийимдер бир же бир канча кызматкер тарабынан ылдам алдына жайылат. Ал
бирин көрүп бүтө электе экинчиси алынып келинет. Кызматкерлер дайыма жылмайып
карашат жана урмат көрсөтүшөт. Эгер жанында баласы болсо ал тынымсыз макталат.
Канчалык жагымдуу жана сулуу бир бала экендиги, канчалык акылдуу экендиги
айтылат. Бала тентек жана кыялы начар болсо да ар бир кыймыл-аракетине назик мамиле
менен жооп берилет. Дүкөндө бир нерсени сындырып койсо, «эчтеке болбойт» деген
сөз кайра кайра айтылат.
Ушул эле дүкөнгө жакыр бир кардар кирди дейли. Эгер кийимдеринен жана
кыймыл-аракетинен кедей адам экендиги байкалса, бул адамдын дүкөнгө киришине эч
ким көңүл бурбайт. Ал бирөөнүн жанына барып бир нерсе сурамайынча, эч ким ага
келбейт. Бир нерсени көргүсү келгенде, эч көңүлсүз жана шашпай кыймылдап,
сураган нерсеси көрсөтүлөт. Сатуучулар көбүнчө сурагандан башка нерсесин өз
алдынча көрсөтпөйт. Мындан тышкары, кардарлардын каалагандарын көрсөтүүдө
жүзүндө абдан жактырбаган жана кыйналган бир көрүнүш болот. Бул адамдын
эртерээк дүкөндөн кетишин каалагандыктан, бир тараптан ага каалаганын көрсөтүп
жатып, экинчи тараптан атайылап сыртты карайт же дүкөндөгү башка адам менен
сүйлөшөт. Кардарга эч маани бербегенин жанындагы кызматкер бир адам менен
маегин эч бөлбөө аркылуу байкатат. Эгер бул адамдын жанында баласы болгон болсо
жана тентек болсо, ачуулуу абалда «балаңды кара» деп айтат.
Бул мисал «адам болуу» дининин адамдарга көз-карашын абдан так ортого
койот. Бул жердеги логиканы жана мамиле калыбын бир банк кызматкеринде, бир
официантта, сатуучуда, дүкөнчүдө же бут кийим оңдоочуда көрүүгө болот. Дүйнөнүн
кайсы тарабына барбаңыз, ушуга окшогон мамилелердин көпчүлүгүнүн дин ахлагынан
узак жашаган адамдарга өкүмчүлүк кылганын көрөсүз.
«Адам болуу» дининде бир адамга урмат көрсөтүп, көңүл буруу үчүн ал адамдын
белгилүү бир материалдык күчү болушу шарт. Байлык көбөйгөн сайын «адам болуу»
динине тиешелүү адамдардын ал адамга болгон суктануусу да өсөт. Мисалы бир
ресторанга барганыңызда, байлыгы менен таанылган бир кардарга абдан маани
берилгенин көрөсүз. Ал тургай эгер өлкөнүн саналуу байларынын бири болгон болсо
андан акча да алынбашы мүмкүн. Анын бул ресторанга келиши бир аброй болуп
эсептелет жана эч качан кызмат акы төлөшү талап кылынбайт. Ал эми жакыр бир
кардардын акыны төлөөгө акчасы жетпесе, чоң чууга айланат. Акчасы жетпеген үчүн
шылдың кылынып, басмырланып, ал жерден куулат. Б.а., бай адамдан акча талап кылынбай,
жакыр адамдын болсо акыны акыркы тыйынына чейин төлөшү талап кылынат.
Бул эки адам арасындагы жалгыз айырма – бул байлык. Ушул себептен бул жерде
көрсөтүлгөн урмат жана өзгөчө мамиле да түпкүрүндө бай адамдын кыял-жоругуна
жана ахлагына эмес, бир гана акчасына болууда. Бул дагы «адам болуу» дининин
кир, жаман тараптарынын бирөөсү.
Ислам дининде болсо адамдарга бир гана ахлагына жараша баа берилет. Жакыр,
бирок сонун ахлактуу бир адам, бай бирок Аллахтын буйруктарына каршы келген бир
адамдан эсе эсе жогору. Ошондуктан Ислам дининде адамдарды бөлүүгө эч жол
берилбейт. Байлык, атак-даңк, күч эмес, сонун ахлак маанилүү болгон бир түшүнүк
бар. Аллах бир аятында мындай буйурат:
Биздин Кабатыбызда силерди (Бизге) жакындата турган
силердин мал-мүлкүңөр же бала-чакаңар эмес; бир гана ыйман келтирип, ыкластуу
амалдарды кылгандар башка. Мына ошолор; алар үчүн кылгандарынын акысы катары
эсе эсе сыйлыктар бар жана алар бийик сарайларында бейпилдик (тынчтык) ичинде
(болушат). (Саба Сүрөсү, 37)
Комментариев нет:
Отправить комментарий